«Эжеге бир эле нерсе жетишпейт экен». Ош мэри аялга тиш жасатууну убадалады

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Горький, Моминов, Супаналиев көчөлөрүн кеңейтүү, капиталдык оңдоп түзөө иштеринин алкагында, курулушка тоскоолдук жараткан турак жайлары толук бузулган төрт үй-бүлөгө Краснофлотск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн батирлердин ачкычтарын тапшырган.

«Эжеге баары белек катары берилди. Бир нерсе жетишпей жатат. Эжеме тиш жетишпейт экен. Эжемди алып барасыңар, тиш салдырып берем»,- деди ал.