«Эжеси донор болду». Бишкекте 40 жаштагы бейтаптын бөйрөгү алмаштырылды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бейтапка жолугуп, бейтаптын абалы менен таанышты.

Бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон. Бул пациенттин бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Бейтап операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келет. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды.