Эжесине кат жазган кыз: «Эртеден кечке үй оокат, тил угуп, таяк жеп. Мен мындай жашоону каалабайм»

«Сезим» кризистик борбору «Эжеме кат» аттуу рубрикага келген студент жаштардын каттарын жарыялап жатат.

«Чын дилден чыккан бул каттарда аялдардын, кыз балдардын  учурдагы абалы, кыял тилектери туурасында олуттуу ойлор катылган», — дешти алар. «Сезим» кризистик борборуна купуя түрүндө жөнөтүлгөн каттар СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине борбордун уруксаты менен чыгарылып турат. Бүгүн Асел атуу кыздын эжесине жазган каты жарыяланат.

«Каникулда барам деп жатып эле, кайра кетип калганыма таарынбачы, эжеке» деп башталат.

«Чыдай албай койдум. Түнкүсүн жездем мени эч нерсе укпайт деп ойлоду окшойт. Анын мас болуп алып, сени сөгүп, ата-энебизди кошо жамандап жатканын угуп эле жаттым. Балким мени атайын уксун дедиби? Билбейм. Күнүгө ушул экен. «Этти күйгүзө кууруптурсуң, эмдигиче тамак жасаганды билбейсиң, жетишпей жатсаң эмне кылайын? Элдин аялдарынын эри миграцияда 5-10 жылдап жүрүшөт. Жүдөбөй баланы карабайсыңбы? Экинчи телефонду карап, делдиреп отурсаң, мага таарынба, мойнуңду жулуп алам, эшек!» Ушунун баарын угуп, таягын жеп, ушунча жыл чыдаган сага таң калдым. Эртең мененки 5те башталган жумушуң эл уктаганча бүтпөйт экен. Сени менен сүйлөшүү үчүн ишиңди кошо жасашып, жардам берүү керек экен. Апасы бир жагынан «шерине берчүмүн» деп чыгат экен. Балаң ыйлап жатабы, өзүң ооруп жатасыңбы, баары бир экен… 3 күндө эле үй-бүлөлүк турмуштун «жыргалын» сездим. Тажап кеттим. Менин минтип жашагым келбейт. Сага деле башкача жашоону каалайм. 5 жылга жетпей оорукчан, жашоодон тажаган эч нерсеге кызыкпай калган жүдөгөн, чарчаган аял болгонуңду каалабайм. Бирок кантип жардам береримди да билбейм. Бир билгеним, жездемдин ичкилигин тыйыш керек. Жардам берсин. Кудагый да жардамдашсын. Унчукпай баарын өзүң кылып жүрө бербе. Сөккөнүнө да, какканына да көнбөгүлө. Көңүлүңдү көтөрүп, эс алып, адамча жаша. Мен сонун ырларды, клиптерди жөнөтүп турам, бир маал баарын таштап, ошону угуп, эс ал. Жайында айылга апамдарга чогуу баралы. Ошондо баланы биз багабыз. Доктурга барып, дарыланып, эс алып, айылда жыргайбыз. Ага чейин жакшы тургула. Сизди бек кучактап, Асел», — деп жазылат анын катында.