Екатеринбургда Кыргыз жараны 16-кабаттан кулап каза болду

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жараны каза болгонун жергиликтүү тургундардын билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан 20 жаштагы Кыргыз жаранынын сөөгү табылган. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, ал 16-кабаттан кулап түшкөн.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жазган маалыматка ылайык, каза болгон жаран 2019-жылы иштөө үчүн Екатеринбург шаарына келген.

“Ал каза болгонго чейин бир нече саат мурда жакындарына жана чек аранын жабыктыгына байланыштуу көрүшө албай жүргөн сүйлөшкөн кызына жакшы көрөрү тууралуу билдирүү жиберген” деп жазылат маалыматта.