Бишкектин тургуну калкты тейлөө борборунун кызматкерлери тарабынан паспорт жасалмаланганын айтты

Бишкек шаарынын тургуну паспортун Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери тарабынан жасалмаланганын билдирди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, башка аялга берилген документте сүрөт жана кол тамгадан башка арыз ээсинин бардык маалыматтары камтылган. Бул 2021-жылдын 20-августунда аныкталган.

«Мен жашаган жер боюнча каттоого барсам, менин маалыматтарым системада экен, бирок башка адамдын атында. Милиция чакырам деп коркутушкан, бирок бул менин жеке кызыкчылыгым үчүн, мен өзүм арыз менен укук коргоо органдарына кайрылгам. 2013-жылы паспортумду алгам, 2014-жылы дагы бирөөлөр менин ордума Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери тарабынан жасалма документ алыптыр. Төрт айдан бери иш жылбай жатат. Мен дагы КТБнын кызматкерлеринен жасалма паспортту жокко чыгарууну көп жолу сурандым, бирок алар дагы активдүү иш алып барбай жатат», — деди жаран жактоочусуна.