Өзгөн районунда эки айылдын балдары мушташып, ал мушташта баласы каза болгон апа Жогорку Кеңешке келип, депутаттарга кайрылды.
Анын айтымында, аталган райондогу Киров менен Шагым айылынын балдары мушташып, уулун жоготкон.
«Ушул күнгө чейин адилетсиздик болуп жатат… Акыркы күндөрү кимге айтып, эмне дешимди да билбей калдым. Адилеттүүлүк издеп сиздерге кайрылып жатам», — деди уулун жоготкон эне. Ал окуя качан болгонун тактаган эмес.