«Эки автобус милиция келди». Бишкекте «Саясий туткундарды бошоткула» деген митинг өтөрү айтылды

Бүгүн саат 10:00дө Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында митинг өтөрү жарыяланган болчу. Анда «Кемпир-Абадды бербейбиз» жана «Саясий туткундарды бошоткула» деген талаптар айтылмак.

Аянтта жүргөн кабарчыбыздын айтымында, саат 10:20га карата адамдардын чогулганы байкала элек. Бирок аянтка милиция кызматкерлери эки автобус менен келип, абалга көз салышууда.