Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу… Мыйзам долбоор талкууга коюлганы жатабы?

«Жаңы жылдык эс алуудан кийин эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталат». Бул тууралуу журналист, коомдук активист Назира Бегим жазып чыкты.

«Бул экинчи аял менен нике күбөлүгүн алууга жол ачылат. Жогорку Кеңеш 22-январда мыйзам долбоорду коомдук талкууга коёт экен», — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына байланышканыбызда, мыйзам долбоорунун талкууга коюларын алдын ала билишпей турганын айтышты.