Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалымат — жалган

«Жаңы жылдык эс алуудан кийин эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталат». Бул тууралуу журналист, коомдук активист Назира Бегим жазып чыкты. «Бул экинчи аял менен нике күбөлүгүн алууга жол ачылат. Жогорку Кеңеш 22-январда мыйзам долбоорду коомдук талкууга коёт экен», — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына байланышканыбызда, мыйзам долбоорунун талкууга коюларын алдын ала билишпей турганын айтышкан.

Кийинчерээк Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Жайыл Русланов социалдык тармактагы баракчасына бул маалымат жалган экенин билдирди.

«Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Андыктан, демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз»,- деп жазды ал.