«Эки элдин ортосунда жаңжал чыгып кетсе эмне болот эле?”. Баткендиктер Мариповду ойлонуп сүйлөөгө чакырышууда

Премьер-министр Улукбек Марипов 3-фералда парламентте өкмөт башчылыкка анын талапкерлиги каралып жаткан учурда депутаттардын суроолоруна жооп берген эле. Анда эл өкүлү Абдувахаб Нурбаев Баткен облусу өнүкпөй келе жатканын айтып, айлык, пенсия жана жөлөк пулду көтөрүү керектигин белгилеген. Ошондой эле, Мариповго «Сиз ушуну аткара аласызбы?» деп суроо узаткан.

«Экономика маселеси да түздөн-түз чек арага тиешеси бар да. Төрт-Күл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде да стратегиялык маселе бар экен», — деп жооп берген Марипов.

Көп өтпөй эле коомчулукта Мариповдун аталган Төрт-Күл суу сактагычы боюнча айтканы кызуу талкууга алынып, социалдык тармактын колдонуучулары өкмөттөн суу сактагычтын бир бөлүгү тажик тарапка качан жана эмне болуп өтүп кеткенин сурашып, маалыматты тактоону талап кылышкан.

Мындан улам кечээ, 4-февралда өкмөт Төрт-Күл боюнча түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргыз мамлекетине тийиштүү экенин билдирген болчу.

Бирок азыркы тапта баткендиктер Мариповго карата бир топ нааразычылыктарын айтышууда. Баткен облусунун тургуну Мухмудали Султанов SEREP MEDIA маалымат агенттигине пикирин билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Улукбек Мариповдун сөзү чек ара талашын, эки элди козутуп ийиши мүмкүн. Себеби мындай окуя буга чейин болгонун 2019-жылдын сентябрында Араван районундагы Керкидан айылындагы суу сактагычтын алдында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда да катуу чыр чыкканын айтып берди.

Ошондой эле, Баткен районунун Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да президент Садыр Жапаровго жана премьер-министрге видео кайрылуу жасаган. Анда ал бүт Баткен эли дүрбөлөңгө түшүп жатат деген.

Бул маселе боюнча жергиликтүүлөр бүгүн, 5-февралда митингге да чыгышты. Облустук башкармалыктын имаратынын алдына жүздөн ашык адам чогулуп, Марипов сөзүн артка алып, жаңылыш айтып алганын моюндап, расмий билдирүү таратышын талап кылышты.

Төрт-Күл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Ага 90 куб миллион суу батат жана узундугу 5 чакырым. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.