Эки аптадан берип изделип жаткан 15 жаштагы Раяна табылганын Бишкектин Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
4-декабрда Бишкек шаарына караштуу Кут жаңы конушунун тургуну милицияга кайрылган. Анда ал 15 жаштагы кызы Раяна 3-декабрь күнү эртең мененки саат 7:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.
Милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүү учурунда “Коопсуз шаар” системасы аркылуу «Ош базарда» жүргөндүгү аныкталып, 19-декабрь күнү табылды.