Баткен облусунда эки жылдан бери издөөдө жүргөн жаран табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Самаркандек айылынын 41 жаштагы тургуну 2019-жылдын 20-октябрь күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп издөөдө жүргөн. 26-май күнү Баткен райондук милициясынын кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Анарбай Базарбаевдин жүргөн жерин аныктап, Ош облусунун Ноокат районунан таап келип туугандарына өткөрүп беришти.