«Эки кичинекей баласы куса болуп жатышат». Караколдо Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин колдогон митинг өттү

Караколдо саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекованы колдогон митинг болду. Бул тууралуу «Турмуш» кабарчысына шилтеме берип жазды.

Алар соттун чечимине нааразы болушуп, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты. Өзүн чоң энесимин деген жаран үйүндө эки кичинекей баласы куса болуп, ыйлап жатканын билдирди. «Тамак да ичпей калышты. Эртең келет, бүрсүгүнү келет деп алдап жатабыз. Эмне деп айтарыбызды билбей жатабыз. Акыйкат чечим чыгарууну талап кылам», — деди анын чоң энеси.

УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.