Эки киши кийик атканы үчүн 640 миң сом айыпка жыгылды

Ат-Башы районунда эки кийик атылганы аныкталды. Аңчылардын бири этти жашыруу үчүн чатырдан чыгарып, дарыя жээгине ыргытып жиберген.

Экинчи тургун этти короосуна сүрсүтүп илип койгон. Жеринде акт түзүлүп, аңчылардын ар бирине 320 миң сомдон айып салынды. Ал эми эт райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.