Эки киши тарабынан зордукталып, көз жарган 16 жаштагы кыз жардамга муктаж

«Сезим» кризистик борборуна Бегимай аттуу кыздын апасы кайрылган. Бегимай 16 жашта. Ал эки жаран тарабынан зордукталган. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

«Апасы окуяны кызынын 6 айлык боюнда бар кезинде билген. Ал уул төрөгөн. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Учурда уулу менен апасы жардамга муктаж болууда. Кайрымдуу инсандарга кайрылып жардам сурайбыз. Аларга наристе кийими, наристеге тамак, анан памперс керек болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Жардам берүүнү каалагандар 0(312) 316466, 0(551) 316466, 0(990) 590990 номурларына чалыңыздар.