Эки мамалагы менен кетип бара жаткан аюунун видеосу

Хан-Теңири мамлекеттик паркында эки мамалагы менен кетип бараткан аюу видеого түшүп калган.

Видеону Жаратылыш ресурстары министрлиги жарыялап, паркта жапайы жаныбарлар, анын ичинде күрөң аюу көбөйүп калганын маалымдаган. 2024-жылдагы жапайы жаныбарларды каттоо учурунда аюулардын саны 14кө жеткени (андан көп болушу мүмкүн) маалым болгон.