Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келди

13-август күнү Нарын районундагы Нарын – Өрүктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабастан, эрежени бузуп өткөн оор жүк ташуучу унаанын кесепетинен көпүрө кулаган. Кырдаалды жөнгө салуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-август күнү тендер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө тендер боюнча иштер жүрүп жатат.