Эки-Нарын көпүрөсүнүн урашы: Айдоочуну издөө иштери улантылып жатат

Кечээ, 13-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков Таш-Башат айылында Нарын дарыясына кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөө жана техниканы чыгарып алуу иштерин күчөтүү боюнча жарандык коргонуу кызматтары менен штабдык жыйын өткөрдү.
Жыйында аракеттер такталып, издөө иштерин күчөтүү, кошумча техникаларды тартуу жана унааны чыгарып алуу боюнча тапшырмалар берилди. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн, 14-август күнү таң менен кайра улантылып жатат.