Эки-Нарын көпүрөсүнүн урашы: «Жардам, аркан» деп кыйкырыптыр» дейт апасы

Нарындагы көпүрө ураган кырсыктан улам жүк ташуучу унаа менен дарыяга түшүп, каза болгон айдоочу Азамат Асанбеков жакындарынын жүрөгүндө мээримдүү уул, камкор ата катары калды. Маркумдун энеси уулун көз жаш менен эскерди: «Уулум көпүрөдөн өткөнү мектеп бүтүп калсын деп, балдар үчүн макул болуптур. Көпүрө ураганда балам «жардам, аркан» деп кыйкырган экен». Маркумдун артында үч баласы жана энеси калды.

«Көпүрөдөн өтүп жатканда ураган видео тарабадыбы. Алдыда унаа келе жаткан экен. Андагы бала «байке, өтпө» дегендей белги бериптир. «Мен өтүп кетсем болобу?» дептир. «Баатыр, мен өтөйүн, сен тарт» дептир. Ошол бала тартып жатыптыр. Өткөндө эле жанагы окуя болуп жатпайбы. Азамат эсине келип, дөңгөлөккө чыгып, «Жардам, аркан» деп кыйкырыптыр. Аңгыча көпүрөнүн жарымы түшүп, урандысы аны уруп кетиптир. «Эч кандай жардам бере албай калдым» дептир. Ал келип, баарын айтып берди. Келме келтирип жатты деди. Ичим күйүп жатат. Уулум мага топурак салса болмок да»,- деди апасы.