Эки-Нарын көпүрөсүнүн урашы: ӨКМ буга чейин эскертүү берген

Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн унаасы менен түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөө улантылууда.
Бүгүн, 14-августта ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 39 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 90 адам тартылды.
13-августта аталган көпүрөдө КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө тынымсыз жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Нарын дарыясынан Эки-Нарын айылына өтүүчү көпүрөгө изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада жыгач көпүрө адам өмүрүнө, автоунаалардын өтүүсүнө кооптуулук жарата тургандыгы аныкталып, 2024-жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу менен корутунду жөнөтүлгөн.