Эки округда шайлоо өткөрүү үчүн 22 миллиондой сом сарпталат

30-июнга белгиленген Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Смета шайлоо тилкелерин уюштуруу, комиссия түзүү, техникалык жабдуулар жана коопсуздукту камсыздоо чыгымдары менен эсептелди.

№5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, 23-апрелде анын ыйгарым укуктары токтотулган. 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.