Экинчи жаңы тик учак сатып алынып, аны Садыр Жапаров сыноодон өткөрдү

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды. Анда президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.
Республикалык бюджеттин эсебинен Германияда сатып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.
Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт. Келерки жылы Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда. Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирди.
Ушул жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы.