ЕККУ Ички иштер министрлигине 6 автоунаа тапшырды. Унаалар кайсы РИИБдерге берилди?

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине алты автоунаа тапшырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 6 автоунаа тапшырды. Ал автоунаалар Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБге, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБге, Чүй облусунун Москва, Кемин РИИБге, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы РИИБге берилди.

“Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

«2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз. Мунун негизинде Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ИИОнун жетекчилиги жарандарды кабыл алуулары үчүн атайын жабдылган Isuzu автобусу берилген.