Экономика министри: «Милиция кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлбөйт»

Быйыл милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев 20-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы көтөрүлгөн. Каржы министри Алмаз Бакетаев белгилегендей, 2022-жылдын 1-августунан тарта жарандык негизде ички иштер органдарында кызмат өтөгөн жарандардын айлык акысынын жогорулашы күтүлүүдө.