Экономика министринин орун басары: «Ишканалар сүттү 24 сомдон 40 сомго чейин алып жатат»

Жогорку Кеңештин жыйынында «Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.
Токтомдун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев белгилегендей, 14-мартта кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасында ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, төмөнкү чаралар каралган: бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу; сүттү сатып алууга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизмин аныктоо; ар бир жылга баа макулдашуусу чийки сүттүн литрине сүттүн сатып алуу баасын 40 сомдон кем эмес белгилөө шарттарында жүзөгө ашыруу; чийки сүттүн сатып алуу баасы тоют базасына болгон рыноктук бааны эсепке алуу менен ар жыл сайын түзөө.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Кыргызстандын аймактары боюнча сүттүн сатып алуу баасы боюнча маалымат берип, ишканалар сүттү 24 сомдон 40 сомго чейин алып жаткандарын белгиледи. Талкуу маалында депутаттар токтом качан толук аткарыла турганына кызыгышты. Баяндамачы Экономика жана коммерция министрлиги менен Монополияга каршы кызмат даяр продукциянын гана баасын жөнгө сала ала турганын, ал эми чийки сүтткө болгон баа саясаты базар механизмине ылайык жүргүзүлөрүн айтты.
Жыйынтыгында берилген маалымат эске алынды.