Экономикада өзгөчө кырдаалдар. Кыргызстандыктарды пессимисттик сценарийге даярданууга үндөштү

Эгерде экономикалык абал начарлап кетсе, Министрлер кабинети 110 миң гана аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам бере алат. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинде экономиканы өнүктүрүүнүн бир нече сценарийлери бар.

«Эгерде бардыгы биздин пессимисттик сценарий боюнча жүрсө, анда экономикада өзгөчө кырдаал керек болот. Социалдык өнүгүү министрлигинин тизмесинде турган 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтөбүз. Калгандары өзүлөрү даярданышы керек. Эгерде биз экономикада өзгөчө кырдаал жарыялай турган болсок, аны алты айда гана алып салабыз», — деп түшүндүрдү министр.