«Экөө гана журналист экен го». Садыр Жапаров кармалган 11 журналист боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берди.

«Жакында массалык башаламандык чакырууга айыпталган 11 бир журналисттин соту болуп, прокурор алардын ар бирине 6 жылга эркиндиктен ажыратуу жазасын сурады. Бул маалыматты бир катар эл аралык уюмдар, эксперттер сөз эркиндигине кысым катары сыпатташууда. Буга байланыштуу Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай деген суроо туулат» дегенге жооп берди.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтуругузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт»,- деди ал.