«Элге айтып коюп, ишин улантып жатат». Ташиев «Женгону» Оштон алдыртып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Женго» каймана аттуу кримтөбөлдү Оштон алдыртып жатканын айтты.

«Мен трибунадан айтып коёюн. Мына бүгүн «Женгону» Оштон алдыртып жатам. Ал эл алдында мыйзамдагы ууру макамынан баш тарткан. Бирок ал экранга айтып коюп, кылмыштуу ишин улантып жатыптыр. Экрандан айтып коюшуп эле кайра алектенип жатышат. Эми алектенишпейт, биздин өлкөдө кылмыштуу топ болбойт», — деди Ташиев.