Экс-депутат Эрик Арсалиев 55 жашында көз жумду

Түркияда Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты Эрик Арсалиев көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал 55 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Экс-депутат Түркияда дарыланып жаткан эле.

Эрик Арсалиев Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон.