Экс-депутат, ишкер Махабат Мавлянова селден жапа чеккен Ноокатка 400 миң сом бөлдү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.
«Ноокат элине жардам» жардамга кол суналы. Элдин чыгымы көп. Мен 400 миң сом бөлдүм. Алланын ыраазычылыгы үчүн салым кошуңуздар! Отчет берилет», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.