Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча төмөнкүлөрдү маалымдады. 2024-жылдын 19-апрелинде Жолдошбаевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 миллион сом төлөп берди.