Ноокат районунун Кара-Таш айылына экс-депутат Төрөбай Зулпукаровдун иниси, жеке ишкер Шавкат Закиров 120 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу заманбап бала бакча куруп берди.
Курулуш иштерине 50 миллион сом жумшалган. Жаңы бала бакчанын ачылышы 25-августта өтүп, пайдаланууга берилип, ал Кара-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлөт.