Экс-министр Каныбек Исаковдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Маркумдун сөөгү бүгүн өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында жерге берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Коштошуу митинги Каныбек Исаков бир нече жыл жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болуп, ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлдөрү, маркумдун жакын санаалаштары, шакирттери, кесиптештери, окуучулары катышты.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

Исаков кечээ, 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы мурдагы министр коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.