Максатбек Токтомушев Муфтияттын эсепчиси пара берип жаткан жеринен тартылган делген видео тууралуу эмне дейт?

Кечээ, 22-февралда интернетке муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине пара сунуштап жаткан жеринен тартылган делген видео тараган. Бул боюнча экс-муфтий Максатбек Токтомушев социалдык тармактагы баракчасына өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, видео кыркылып, мааниси өзгөртүлгөн.

«Видео тууралуу бир гана нерсени суранмакмын, шашылыш чечим чыгарбай эч кандай ойго келбей туруңуздар. Мен дагы ал видеого комментарий бербей турмакчымын. Себеби бул видеону ар түрдүү кылып кыркып, маанисин өзгөртүшүптүр. Элибиздин тынччылыгы үчүн мен көп нерсеге көз жумуп келгем. Акыйкат сөзсүз келет. Ошондо сөздү да айтабыз. Сиздерди да угабыз. Түшүнүп турганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем”, — деп жазылат.