Муфтияттын эсепчиси пара берип жаткан жеринен тартылган делген видео тарады

Интернет айдыңында Муфтияттын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалганы тартылган видео-тасма тарап, кызуу талкуу жаратууда. Анда экс-муфтий Максатбек Токтомушевге окшош адамдын белгисиз адамдарга акча өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүп жатканын да көрүүгө болот.

«Мындай эле кылгыла, он-ондон кылып алгыла. Сексенди бөлүштүргүлө. Эркекче эле түшүндүңөрбү? Мен ага айткам. Кудай кааласа менин өзүмө тиешелүү бизнестерим толтура, мурунтан эле билесиңер, эркекче эле», — деген сөздөр айтылат видеодо.

Ошондой эле экс-муфтий деп көрсөтүлгөн адам сөзүндө 40 миң долларды азыр берерин, ал эми 30 миң долларды кечинде, калган сумманы кийинчерээк карматарын айтат. Аны менен катар бул акчанын ордуна ал кандайдыр бир справканы да аларын баса белгилеп кеткен.

Ал эми аталган видеонун экинчи бөлүгүндө Муфтияттын эсепчиси деген адам чыгып акча берүү боюнча сүйлөйт.

УКМК аталган тасма боюнча үн катып, видеонун чындыкка дал келерин же фейк экенин далилдөөчү расмий билдирүү тарата элек.

12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси ажылыктын акчасына байланыштуу эки айга камакка алынган. Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган. Бирок соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.