Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун 250 кишини ооз ачарга чакырганы айтылууда

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 250 кишини ооз ачарга чакырганы Твиттер социалдык тармагында талкууланып жатат. Айрым колдонуучулар «чек арада жаңжал болуп жатса, мунун минтип эл чакырганы эмнеси?» деп бир таң калышып, бир кыжыры кайнап жатышат.