«Жаштар арасында өлүм көбөйүшү мүмкүн». Өлкөдөгү коронавирустук абал боюнча эксперттин божомолу

Мамлекеттик мекемелерде дагы, дарыкана тармагында дагы июлдун аягына чейин дары-дармектердин бардык запастары түгөнүп калуу коркунучу жогору. Мындай оюн медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы үч күн Кыргызстандагы илдеттин үчүнчү толкуну 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу жеңилирээк жана жок дегенде күзгү толкундун деңгээлинде болот деген үмүттөрдү таш каптырды. Бардык көрсөткүчтөр боюнча индиялык штамм өлкөгө келип, үстөмдүк кыла баштады. Оорунун белгилери өзгөрүп, 25-30 жаштагы адамдар катуу ооруп, 2-3 күндүн ичинде бутуна тура албай, былтыр ооруп калгандар, анын ичинде эмделгендер дагы ооруп жатышат.

Илдетке чалдыккандардын саны тездик менен өсүп жатат. Ушундан улам, Тез жардам эсин жоготуп жаткан адамдарга деле келбейт, анткени бригада жетишсиз. Ковид менен ооругандарды жаткыруу барган сайын кыйын болуп жатат, ооруканалар ансыз деле толуп кетти, ооруга чалдыккан дарыгерлердин саны да өсүүдө. Чындыгында эле, дарыканаларда керектүү дары-дармектер бар, бирок алардын көлөмү ансыз деле чектелүү.

Индия коронавирусунун башка өлкөлөрдө жайылышын байкап, анын жайылуу ылдамдыгы Ухань штаммынын көрсөткүчүнөн бир нече эсе жогору экендиги түшүнүктүү болду. Бир жумада, 10 күндүн ичинде, 26-июндан кийин саламаттыкты сактоо тутумунун коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү түгөнөт. 2-3 жуманын ичинде, балким андан эртерээк дагы ушундай тагдыр аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелерин күтөт. Мамлекеттик мекемелерде дагы, дарыкана тармагында дагы, июлдун аягына чейин дары-дармектердин бардык запастары түгөнүп калуу коркунучу жогору.

Өз убагында медициналык жардам ала албоо өлүмдүн дагы бир нече эсе көбөйүшүнө алып келет жана жаштар ооруну жеңилирээк көтөрөт деп жүрүп, жаштар арасында өлүм көбөйүшү мүмкүн. Президент, министрлер кабинети коронавируска чалдыккандарга орун даярдап, ИВЛ аппараттарды, дары-дармектерди даярдашы керек», — деп жазды ал.