«ЭКСПО-2020» көргөзмөсүндө Кыргыз павильону «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде 3-орунга ээ болду

Кечээ, 31-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «ЭКСПО-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук павильонуна барды.

Кожошев Кыргыз Республикасынын улуттук павильонундагы кыргыз элинин нукура маданиятын, каада-салтын жана үрп-адатын чагылдырган экспозициялар менен таанышты, ал 30-мартта эл аралык көргөзмө бюросунун сыйлоо күнүндө 40тан ашык өлкөнүн арасында «Theme Development» категориясындагы «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде ардактуу үчүнчү орунга ээ болгон. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары дүйнөлүк көргөзмөнүн уюштурулушун жогору баалап, «Идеяларды айкалыштыруу менен келечекти түзүү» урааны көргөзмөнүн философиясына толугу менен шайкеш келип, дүйнөгө жаңыча кароого мүмкүндүк берерин белгиледи.