Эл аралык террористтик уюмдун лагеринде дардыктан өткөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (сүрөт)

5-мартта УКМК тарабынан террористтик иш-аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, топтун ишмердүүлүгү Сириядагы ЭТУнун лидерлери тарабынан координациялангандыгы аныкталган. Алардын максаты коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында куралдуу жихадды жайгаштыруу болгон. Бандиттик топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын күжүрмөн даярдыктан өтүшкөн.

Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонуу менен ишке ашырылышын пландаштырышкан.

Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. УКМК кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн түзүү жана тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.