«Эл үмүтү» стипендиясын алууга быйыл 149 адам арыз жөнөттү

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга быйыл веб-портал аркылуу 149 адам арыз жөнөттү. Анын ичинен 55 талапкерде документтердин толук пакети болсо, 94нүн арыздары талаптарга жооп берген эмес. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.
2024-2025-окуу жылына карата “Эл үмүтү” стипендиясын алуу үчүн сынакка документтерди кабыл алуу тууралуу маалымат https://edu.gov.kg/announcements/373/ сайтына 15-апрелде жарыяланган. 1-майдан 30-майга чейин https://umut.edu.gov.kg/ порталы аркылуу каттоо жүргүзүлдү жана документтердин түп нускалары министрликте кабыл алынды.