Элчи Ду Дэвень: «Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы тарыхый рекордго жетти»

Кечээ, 28-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Комитет төрагасы саясий колдоо жана экономикалык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналган эки тараптуу мамилелер прогрессивдүү өнүгүп жатканын айтты. Улан Примов Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү жана биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Ду Дэвэнь өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп: «Кызматташтыктын бардык тармактарында биз чоң натыйжаларга жана оң жылыштарга жетиштик. Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард 500 миллион долларды түздү. Бирок бул көрсөткүч чек эмес, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар», — деди.