Элчи Орусиядагы абакта жазасын өтөп жаткан 11 аялга жолукту

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына барды. Бул тууралуу Элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусиянын жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) жазасын өтөп жатат.

«Аталган жарандар менен жолугушууда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Орусиянын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында Кыргызстанга кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жарандардын суроолоруна жооп берди жана алардын суроо-талаптары эске алынды», — деп айтылат билдирүүдө.