Элчи Руслан Казакбаев Түркиядагы Кыргыз жарандарына кайрылды

Элчи Руслан Казакбаев Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Кыргыз жарандарына кайрылды.

«Кыргыз Республикасынын элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктары менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргыз жарандары бар-жогун тактоо боюнча иш алып барууда. Консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлүп, анын алкагында ишеним телефондору кызмат берүүдө.

Тилекке каршы, Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы мекендештерибиздин саны боюнча так маалыматыбыз жок. Кахраманмараш, Газиантеп, Адана, Малатия, Хатай, Османие, Мерсин, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Килис сыяктуу эң катуу кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен түз байланышыбыз жок», — деп жазылат кайрылууда.
Түркиядагы өкүлчүлүктөргө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.