Элчи Текебаев демилге кылган Берлиндеги “Бала Манасчы” айкели расмий ачылды

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан болчу.
Айкелди жаш скульптор Тамила Маматова жасаган. “Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет. Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамы менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.
Ачылыш иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары жана Азиз Биймырза уулу жетектеген улуттук Манас театрынын өкүлдөрү катышты. Мындай демилге Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев тарабынан көтөрүлгөн.