Элчи Текебаев Германияда кунаажындардын сынагына барганын айтты

Кыргызстандан Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев аталган өлкөдө кунаажындардын сынагына барганын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында билдирүү жарыялады.

«Кыргыздын уйлары күнүнө 10-12 литр сүт беришсе, немистики 28 литрге чейин сүт беришет. Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев Германиядан сүт багытындагы жүзгө жакын уй алып келип, Чаткалдагы уйлардын породаларын жакшыртмакчы. Акимдин өтүнүчү менен биз 22-февраль күнү Верден шаарындагы «Masterrind GmbH» компаниясына барып, башкы директору Ральф Штрассемейер менен жолугуштук. Аталган компания Германиядагы ири асыл тукум бирикмеси, анын курамында 8 миңге жакын чарба бар жана аларда сүт жана эт багытындагы асыл тукум бодо мал өстүрүлөт. Башкы директор компания Борбордук Азия өлкөлөрү менен иштеген жана оң тажрыйбага ээ экенин баса белгиледи. Анын айтымында, компания жасалма уруктандыруу багытында да алдыңкы компания жана компания чыгарган урук материалдары дүйнөнүн 50 мамлекетине жеткирилет», — деп жазды элчи.

Бул жаатта кызматташууну түзүү максатында 2023-жылдын март-апрель айларында Кыргызстандын фермерлеринин аталган компанияга иш сапар менен келүү тууралуу сүйлөшүлгөн.