Элчи Текебаев: «Кыргыз тигүүчүлөрүнүн товарларына Германияга жол ачылат»

«Кыргыз тигүү өндүрүшүнүн товарларына буйруса, Германияга жол ачыла турган болуп калды». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Sitex – Textile Services» ишканасынын директору Штефан Рихценхайн мен келгенче эле Кыргызстан жөнүндө жакшы пикирде экен. «Жайында бизде Кыргызстандан сегиз студент практикада болушту. Мээнеткеч, дилгир, интеллигент адамдар экен» деди. Ошондон улам болсо керек, ал тез эле Кыргызстан менен иштөөгө макул болду. Ошентип, Германияда иштеп, окуп жүргөн кыргыз жаштары өзүлөрүнүн жакшы жүрүм-туруму менен эле ата мекенине жардам бере алышат.

31-октябрда мен Гентин шаарындагы “Sitex – Textile Services” ишканасына барып, Германиядагы эң ири үй-бүлөлүк кир жуугучтар ассоциациясынын, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасы, дарылоо мекемелери, өнөр жай жана соода үчүн текстиль буюмдары менен камсыздоочулардын ишмердүүлүгү менен тааныштым. Башкаруучу директору Штефан Рихценхайн “Sitex – Group” өткөн кылымдын ортосунда чоң атасы негиздеген үй-бүлөлүк бизнес экенин айтат. Бүгүнкү күндө “Sitex – Group” жалпысынан 5 миңден ашык кызматкерлери бар 15 компанияны бириктирет. Ошол эле учурда компания Германиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы текстиль өндүрүшүнүн 35 пайызга жакынын ээлейт. Ал ошондой эле, ушул жайкы сезондо Кыргызстандан келген сегиз студенттин бул ишканада ийгиликтүү практикадан өткөнүн канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде мен компания менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуулугун баса белгиледим. Өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары Кыргызстандан келген адистерди ишке орноштуруу жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле ата мекендик текстиль ишканалары менен кызматташууга көмөктөшүү багыттарын белгиледим. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Sitex – Group” компаниясынын жетекчилигин 8-ноябрда өтө турган «Гамбургда Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышууга чакырып, ошондой эле тигүү тармагындагы кыргызстандык ишкерлер менен тыгыз байланыш түзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигимди билдирдим. “Sitex – Group” компаниясынын жетекчилиги чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, технологиялар трансфери чөйрөсүндө кызматташууну жана Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу үчүн кыргыз тарап менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу ниетин белгиледи», — деди ал.