Элчи: «Украинада кырдаал курч. Өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла»

Азыркы учурда Украинада кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

«Биздин элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар, Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын толук аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам — өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар!» — деп жазды ал.