Элчилик: Кыргыз жарандары мобилизациялоо боюнча аскерге чакырылып жатканы калп

Кыргыз жарандары мобилизациялоо боюнча аскерге чакырылып жатканы калп. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
«Социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет. Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды жетекчиликке албоосун жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт», — деп жазылат маалыматта.