Элчилик: Март айынын ичинде Орусиядан Кыргызстанга 15 сөөк жөнөтүлдү

1-марттан 31-мартка чейинки мезгилде Орусияда Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында элчиликтен төмөнкүдөй иштерди аткарылганын маалымдашты.
Элчилик Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам иретинде жардам көрсөттү. Мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымы үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Ошондой эле Орусияда турмуштук оор кырдаалда турган Кыргыз жарандарына жардам көрсөтүүнүн алкагында элчилик тарабынан үй-жайы жок Кыргыз жарандарына документтерин калыбына келтирүүгө жана мекенине кайтып келүүгө көмөк көрсөтүү иштери башталды.

Кыргыз жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 10 миңге жакын консулдук иш-чаралар жүргүзүлдү:
Жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө — 1 882;
ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо — 735;
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө — 277;
Жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү — 991;
ID-паспортторду берүү — 470;
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү — 290;
Мекенге кайтууга күбөлүк берүү — 1 297;
Консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу — 1 794;
ПИН дайындоо / оңдоо — 1 022;
Документтерди суратып алуу — 850;
Жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү — 263;
Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын орнотуу — 36;
Нотариалдык иш-аракеттер — 77;
Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 7.