Элчилик Москвада эскалатордон кулаган кыргыз баладан кабар алды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москвада экскалатордон кулап кетип, оор жаракаттарды алган 4 жашар баладан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Балдар хирургиясы жана травматология илимий изилдөө институтуна барган элчи нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Олимжан Исхаковдон баланын тез сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүсүн өтүндү. Ошондой эле Гүлнара-Клара Самат жабыркаган баланын жакын туугандары менен жолугуп, юридикалык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.

3-мартта Москвадагы «Глобал» соода борборунда кыргызстандык бөбөк экинчи кабаттын деңгээлиндеги бийиктиктен кулап кеткени кабарланган. Бир аз убакытка кароосуз калган бала өйдө бараткан эскалаторго жабышып, экинчи кабаттын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Андан соң кулап түшкөн. Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген баланын баш сөөгү сынып, мээси жабыркап, көкүрөгүнөн жабык жаракаттарды алганы белгилүү болгон. Орус ЖМКлары баланын апасы 25 жаштагы кыргыз аял экенин жазып чыгышкан.